Лейлектин тургундары Баткен-Исфана жолун жаап алышты (видео)

Бүгүн, 6-августта Лейлектин тургундары Баткен-Исфана жолун бууп турушат. Жергиликтүү тургундар жеринде тартылган видео, сүрөттөр менен бөлүшүп жатышат.

Маалыматка караганда, алар Өзгөрүштөгү алтын кенине нааразы болуп жатышат. Учурда алар жолдон унааларды өткөрбөй, жолду жаап салышкан.

«Элдин айтымы боюнча, 30 баланы бийлик өкүлдөрү камап коюптур, ага тургундар нааразы болуп, жолду бууп коюшуптур. Жарандар күтүп жатат, бийликтен жооп жок»,- дейт күбө.

Ал эми СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылганыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.