Баткендин тургундары 3 балалуу жалгыз бой энеге үй салып беришти (сүрөт)

Баткен районунун Чоң-Талаа айылында турмуш-шарты оор, үч балалуу жалгыз бой эне Күмүшай Назаровага элдин салымы менен үй курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Үч бөлмөлүү үй керектүү шарттары менен курулган. Үйдү ээлерине тапшыруу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбек Абдиев жана жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары катышты.

Ден соолугунан жабыркаган эне жолдошу каза болгон соң, үч баласы менен үйү жок, турмуштун оор кырдаалына кабылган. Анын муктаждыгын жеңилдетүүнү колго алган фонд 1,5 ай аралыгында 1,5 миллион сом каражат топтогон. Жакшылыкка катардагы эл, жергиликтүү ишкерлер жана 1989-1998-жылы туулган облустун жигиттери өзгөчө салым кошкон. Үй ээси Күмүшай Назарованын баласы да, алгач иштеп тапкан каражатын курулушка жумшаган. Үй куруу үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтү 12 сотых жер тилкесин ажыратып берген.