Баткенге 573 миң тонна гумжардам жеткирилсе, эсепке 11 миллион сомдон ашык каражат которулган (сүрөт)

4-майга карата Баткенге 572 миң 931 тонна гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, анын 515 миң 81 тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилсе, 57 миң 850 тоннасы кампада сакталууда. Гуманитардык жардам катары негизинен азык-түлүк, кийим-кече, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар алынып барууда.

Гуманитардык жардам көрсөткөндөрдүн катарын өкмөт, Жогорку Кеңеш, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Араб эмираттары, “Кызыл Ай” коому ошондой эле өлкөнүн бардык облустары, район-шаарлары, айыл аймактар жана жеке ишкерлер, коомдук уюмдар, кайдыгер карабаган катардагы жарандар түзүүдө. Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11 миллион 684 миң 805 сом 92 тыйын каражат которулган. Облус аймагына келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча облустук коммисия түзүлгөн.