“Баткенге жардам” эсебине элден 66 миллион сом топтолду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга көмөктөшүү максатында ачылган атайын эсепке 66 миллион сомдон ашык каражат чогулду.

Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чогулган акчанын 59 миллион 826 миң 820 сому өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү ачкан атайын эсепке түшкөн. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 1 миллион 710 миң 189, Бишкек мэриясынын атайын эсебине 5 миллион 7 миң 580 сом чогулду. Бул каражаттарды ыктыярчы жарандар, уюмдар берип жатат. Мындан тышкары бир катар мекемелер бир күндүк айлыгын которгонун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлүп, облуста президенттин атайын өкүлү дайындалды.

Ушул күндөрү жаңжалдан курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй салына баштады.