«Баткенге көмөк» штабы Баткен облусуна 65 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жөнөттү

«Баткенге көмөк» республикалык штабы Баткен облусуна 65 тоннадан ашуун гуманитардык жардам:  кир жуугуч каражаттарын, жеке гигиена каражаттарын, азык-түлүк, кийим-кече, төшөнчү-жууркан жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Саат 14:30да облуска 20 тонналык жүк салынган 1 унаа жөнөтүлдү;

Саат 00:00дө облуска жалпы көлөмү 45 тонналык 2 унаа жөнөп кетти.

Жүк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда фура менен жеткирилет. Штаб өкмөт тарабынан түзүлүп, күнү-түнү жана дем алышсыз иш алып барууда.

Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүүнү каалагандар 1227 телефонуна, же төмөнкү дарекке кайрыла алат: Бишкек шаары, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайы.