Батукаев боюнча иш Жогорку Сотто каралганы жатат

Бүгүн, 30-ноябрь саат 14:00гө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Жогорку Сотто каралары белгиленген. Анда бул иште башкы айыпталуучу болгон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тараптын доо арызы каралууга тийиш. Жактоочулар Жогорку Соттон райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберүүнү суранышат.

Учурда Жогорку Соттун алдында мурдагы президенттин тарапташтары чогулуп, анын бошотулушун талап кылышууда.

Буга чейин эки жолу соттук отурум судьялардын бири ооруп калганына байланыштуу жылдырылган эле.

Ушул жылы июнь айында Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча  11 жыл эки айга эркинен ажыраткан.