Батыш автобекетинен Бишкек автобекетине каттаган автобус ишке кирди

Бүгүн, 24-октябрдан тарта №13 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Автобус Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча жүрөт. Жол кире накталай эмес түрдө 17 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 23-октябрдан тарта батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш башталды. Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп жатат.