Базар-Коргондо 18 жаштагы кыз 1 жумадан бери дайынсыз болуп жатат

Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылынын тургуну 2005-жылы туулган Саматова Айнуска Болотбековна 29-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, өңү ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара жана кыска, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү жемпир, жинсы, бутунда жашыл түстөгү кроссовки болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Саматова Айнуска Болотбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо,
03736 5 02 61, 0995 88 02 00 номурларына чалсаңар болот.