Базар-Коргондо дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Айнуска Саматова Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
4-октябрь күнү милиция тарабынан Бешик-Жон айыл аймагынын тургуну 2005-жылы туулган Саматова Айнуска Болотбековна изделип жатканы жарыяланган. 10-октябрь күнү Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери 18 жаштагы кызды Бишкек шаарынан табышып, ата-энесине өткөрүп беришти.
Айнуска Саматова Бишкек шаарына өзүнүн жумуштары менен кетип калгандыгын, үй-бүлөсү менен эч кандай чыр-чатак болбогондугун билдирген.