Базар-Коргондо сот мурдагы күйөөсү алып кеткен балдарды апасына кайтарып берди

12-январда Базар-Коргон райондук соту өз чечими менен мурда күйөөсү алып кеткен төрт баласын Базар-Коргон районунун тургунуна кайтарып берген. Мындан тышкары, сот жубайлардын ортосундагы никени бузуу боюнча чечим чыгарган. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Базар-Коргон районунун 35 жана 29 жаштагы тургундары 2011-жылы турмуш курушкан. Алардын жашы жете элек төрт баласы бар. 2022-жылдын башында алардын ортосунда пикир келишпестик болгон. Аялы менен балдары ата-энесине кеткен. Күйөөсү эч кандай материалдык жардам көрсөткөн эмес. Ал эми 2022-жылдын август айында аял Орусияга иштөө жана дарылануу үчүн кеткен. Күйөөсү аялынын жоктугунан пайдаланып, алдоо жолу менен 3 баласын өзүнө алып кеткен. Келиндин ата-энесине балдарын сагынганын, убактылуу аларды жанына берүүнү суранган. Келиндин ата-энеси экөөнү жарашат деп ойлоп, балдарды берген. Андан кийин атасы балдарына алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылган. Алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун алган аялдын ата-энеси бул тууралуу кызына билдирүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле атасы балдарды да кайтарбай койгон. 

Сентябрь айында келин Орусиядан кайтып келүүгө аргасыз болгон. Ал кайтып келгенден кийин алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сотто келин күйөөсү ажырашуу үчүн сотко кайрылганын билген. Ал доо арызында алардын ортосунда алынган мүлк жана балдар боюнча эч кандай талаш-тартыш болбогонун көрсөткөн. Бирок талаш болгон.

Мүлктү бөлүштүрүүгө байланышкан маселелер өзүнчө өндүрүштө бөлүнгөн.