«Базарда тачка түртүп жүрчүмүн» дейт “Гүлнарамды” ырдап популярдуу болгон жигит

Бул жолу интернетте “Гүлнарам” аттуу ырды катыра ырдап популярдуу болуп жаткан Медер Сагынов менен маектештик. “Бул ырды каракалпакстандык ырчыдан сатып алгам. “Уурдап ырдап жатасыңар” дебегиле, жылдызым бул ыр менен жанып келе жатат” дейт ал.

«Медер Сагынов популярдуу боло электе «Дордойдо» иштеп жүрчү. Тачка түртүп жүрчү. Ары-бери товар ташыйт болчумун. Негизи 1-класстан бери ошол базардамын. Үйүм дагы, жумушум дагы ошол жакта. 

Мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыкчумун. 11-классты бүткөндө ыр жаздырып баштадым. Аракет кылсаң баары болот экен», — деди ал.