ДССУ: «Коронавирустун “дельта” штаммы бүгүнкү күндө 111 мамлекетте катталды»

Коронавирустун “дельта” штаммы бүгүнкү күндө 111 мамлекетте катталды. Бул тууралуу маалыматты ДССУ билдирди.

ДССУ буга чейин да бул штамм башкаларга караганда кооптуу жана бат тарай тургандыгын билдирген. Индиядан чыккан бул штамм аз аралыктын ичинде 111 өлкөгө тараганга жетишти. «Бул жакынкы айларда дельта штаммы дүйнөдө басымдуу вариант болуп калышы мүмкүн», — деп билдиришти.

Белгилей кетсек, дельта штаммынын бар экендиги расмий түрдө Кыргызстанда тастыктала элек.