Кечээ, 28-декабрда Бишкекте «Beauty choice awards 2023» сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарада ар бир тармактын мыктылары тандалды. Аталган сыйлык тапшыруу аземинде SuperTV телеканалы «Мыкты телеканал» номинациясын жеңди.
SuperTV телеканалы сулуулук дүйнөсүндөгү окуяларды гана эмес, шоу-маданият, саясат, социалдык көйгөйлөр жана башка өлкөдөгү актуалдуу маселелерди чагылдырып келет.