«Бегимайдын баласын кызым чоңойтуп жатат» дейт атасы Токтор Бекбоев

Маркум Бегимай Бекбоева көзү тирүү болгондо быйыл 27-февралда 34 жашка чыкмак. Биз анын атасы белгилүү куудул Токтор Бекбоевди студиябызга чакырдык. “Бегимайдын атына багыштап куран окутуп, эскергенден башка аргабыз жок экен. Уулун кызым Айнура чоңойтуп жатат” дейт ал.

«Неберебиз жакшы. Бала чоңоё берет экен. Айнура кызымдын колунда», — деди ал.

Азыркы учурда ал чыгармачылыгын улантып жатканын айтты. «Мен өмүр бою чыгармачылык деп келе жатам. Аны токтотуп коюш оңой эмес экен. Видео тартып, ырдап коюп жатам», — деди ал.