“Бейформал сүйлөшүү учурундагы сүрөттү талкуулоо осол иш”. Спикердин маалымат катчысы талкууга түшкөн сүрөт боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин маалымат катчысы учурда социалдык тармакта талкуу болуп жаткан спикердин сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди.

Учурда Кыргызстандын парламенттик делегациясы Түркияга расмий сапар менен келди. Анкаранын аба майданында биздин делегацияны бейрасмий тосуп алуу болду.

Расмий сапардын алкагында жолугушуулар, сүйлөшүүлөр эртең башталат. Андыктан ошол бейрасмий тосуп алуу маалындагы сүрөттү жарыялап, ар кандай олдоксон пикирлерди жазуу, талкууга алуу акылга сыйбаган көрүнүш.

Тактап айтканда, Кыргыз-Түрк парламенттеринин достук тобунун жетекчиси Өзтүрк менен төрага жана делегация курамындагылар аба майданындагы VIP залда жөн гана ал-жай сурашып, учурашып олтургандагы бейформал сүйлөшүү учурундагы сүрөттү талкуулоо жана бир жактуу бурмалап, коомчулукту удургутуу осол иш деп эсептеймин”, — деп жазды ал.