Бейшеналиев: «Коронавирустун жаңы штаммы сөзсүз келет, биз Айда жашабайбыз да»

Кыргызстанга коронавирустун жаңы штаммы сөзсүз келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытайда коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп жатканына токтолуп билдирди.

«Эгерде биз Айда жашаганыбызда, ал бизге келбейт болчу», — деди ал. Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги оорулардын агымына 100 пайыз даяр.