Бейшеналиев Садыр Жапаровдун моюну кесилип, канжалаган окуясы тууралуу: «Балдарына жардам берейин деген»

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Новые лица» басылмасына маек берип жатып, анда президент Садыр Жапаровдун көп жылдык санаалашы катары анын башынан өткөн оор окуяны эске түшүрдү.

«Чынын айтканда, бул окуяны бир гана Садыр Нургожоевич билет. Мен андан «Эмне болду?» деп сурасам, ал мага «Балдарымды, туугандарымды, досторумду, баарын кыйноого алып жатышканынан чарчадым, а мен аларга жардам бере албай жатам» деп жооп берген. «Жардам берүү үчүн мен өлгүм келди, балким, ошондо бийлик балдарымды кыйнаганды токтотмок» деген. Мен анын балдарын жана туугандарын көрүүгө барганымда, алардын таанылгыстай болуп сабалганын көргөм. Уулдарын ушундай деңгээлге чейин кыйнаганын көрүп, хирург катары эмне үчүн ушундай кылып жатышат деп санааркагам. Албетте, атасы катары аларга кандай жардам берүүнү ойлонгон. Кийин бул темага бир да жолу кайткан жокпуз, анткени ага муну эстөө дайыма оор. Ошондуктан, кийин сураган эмесмин», — деген министр.

2017-жылдын апрель айында Садыр Жапаровдун №1-тергөө абагында колу жана моюну кесилип, канжалап жаткан сүрөтү тараган. Кийин анын элге видеокайрылуусун Жазаларды аткаруу кызматы жарыялап, видеодо анын «өзүмө кол салдым» деп билдирүү кылганына көпчүлүк ишенген эмес. Өзү да ушул күнгө дейре суицид болгонун же кол салуу болгонун ачыктабай келет.