«Бекбосун байке өзгөрө түштү». Желектин авторлорунун бири маанайы көтөрүлгөнүн айтты

Атайын желекти көтөрүү болот дегенде кубанып калдым. Бул тууралуу туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков билдирди.

«Бул кадимкидей көңүлүмө толду. Өзгөрө түштү, Бекбосун байке өзгөрө түштү. Бул жеке мен үчүн эмес, эл үчүн болуп жатат. Кандай болбосун көңүлүм көтөрүлүп, маанайым жогорулап турган кез», — деди ал.

Бекбосун Жайчыбеков буга чейин желектин өзгөрүшүнө каршы пикирин билдирип келген. «Биз нурду тик кылганга макул болгон эмеспиз. Мен бул «самый худший вариант» дегем. Толкунун бир аз гана түз кылалы дегенбиз»,- деген ал жергиликтүү маалымат каражаттарына.