Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси Бекбосун Жайчыбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Узатуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, жакындары жана замандаштары катышты.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Бекбосун Жайчыбеков 6-сентябрда 76 жаш курагында узакка созулган оорудан көз жумду.