Бекешев Иманалиевге: «Эмне үчүн Нарын дарыясында крокодил жок?» деп балдардан сурасаңыз, жооп бере алышабы?»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Билим берүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Каныбек Иманалиевге суроо салды.

«Биз балдарды ойлонгонго, анализ кылганга үйрөтпөйбүз. Бул чоң көйгөй. “Эмне үчүн Нарын дарыясында крокодил жок?” деген суроону балдарга берип көрсөңүз, ушул логикалык суроого жооп бере алышат бекен? Биз балдарды өзүлөрү анализ кылгандай тарбиялашыбыз керек. Суроолорду бергенди үйрөнүш керек», — деди депутат.