Бекжан Темирхандын досу: «Бекжан каза болор күнү жубайынан «мага турмушка чыкканыңа өкүнбөйсүңбү? деп сураптыр»

Ырчы Бекжан Темирхандын жол кырсыктан каза тапканына туура 1 ай болду. Дал ошол каргашалуу окуяда ырчынын жанында болгон досу Талгар Уланбековдон ошол күндү эстеп айтып берүүсүн сурандык. “Мен деле кандайча тирүү калганымды түшүнгөн жокмун” деген ал элден “Мени күнөөлөбөңүздөр” деп өтүндү.

«Кырсык болуп кеткен соң, мен эсимди жоготуптурмун. Бетиме суу тийгенде чочуп көзүмдү ачтым. Бекжан ордунда жок экен. Унаанын ичине суу толо баштаптыр. Мен чөгүп жатат деп ойлодум. Бирок суу тизеден эле экен. Бекжанды кыйкырып издеп жүрө бериптирмин. Тапкан жокмун. Өзүмдү кайра жогото баштадым. Эмнеси болсо да, жолдон унаа тосуп, жардам сурайын дедим. Жанагы жерден кантип чыкканымды да билбейм. Ошол күн түштөй эле болуп өтүп кетти. Телефон менен Болсунга чалдым. Түшүп кеттик дедим. Аңгыча бир унаа токтоду. «Жанымда бир бала бар болчу, терезеден ыргып кетти окшойт, таппай жатам, издейличи» дедим. Аңгыча Кызсайкалдар келип калды. Тез жардам келди. Ошол окуялар толук эсимде жок. Бекжанды алып чыкканын деле билбейм. Андан аркысы Кеминдин ооруканасына барганымды билем. Ооруканага атам келди. Досумдун каза болгонун ооруканадан уктум. Анын сөөгүн Аксыга алып кетишти деди. Адам өзү өлөрүн билет окшойт. Келинчеги «ал кырсыкка чейин түш көрүп, акчасын мага таштап кеткен» деп айтты. Келинчегине «мага турмушка чыкканыңа өкүнбөйсүңбү?» деген суроо берген экен. Адам өзү билет окшойт», — деди ал.