Жолдошунун каза тапканын укпай кете берди. Бексултан Жакиевдин жубайы да каза болду

Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова каза тапты. Бул тууралуу туугандары билдиришти.

«Ал ооруканада жаткандыктан, жолдошунун каза тапканы тууралуу айтылган эмес», — деп билдиришти алар.

Бексултан Жакиев 25-апрелде коронавирустан көз жумган. Сөөгү 26-апрелде Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Буга чейин анын жубайы Сабира Турсункулова дагы вирус жуктуруп, ооруканада жатканы айтылган эле.

Сереп Медиа агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.