Беларустагы мектепке кыргызстандык жоокердин ысымы ыйгарылды

Минск шаарындагы № 11-орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.
«Аталган мектепте салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Эстелик тактасын ачып, мектеп окуучулары жана иш-чарага келген коноктордун алдында сөз сүйлөп, мектеп окуучуларынын катышуусундагы концерттик программаны көрдүк», — деп жазды ал.
Жумаш Асаналиев 1923-жылы 10-майда Ысык-Көл облусуна караштуу азыркы Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулган. Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1944-жылдын 25-июнунда душман менен салгылашууда багынып бербей, өзүн жана аны курчап алган фашисттерди акыркы граната менен жардырып жиберген. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1944-жылдын 22-июлундагы Жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн Жумаш Асаналиевге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.