Белгилүү актёр Армен Жигарханян 85 жашында каза болду

Бүгүн, 14-ноябрда белгилүү актёр жана режиссёр Армен Жигарханян 85 жашында каза болду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 17-ноябрда өтөрү жана Ваганьково көрүстөнүндө кызы Еленанын жанында жерге берилери маалымдалды.

Мындан эки жыл мурда Армен Жигарханян инфаркт диагнозу менен ооруканага түшүп, эс-учун жоготкон. Жакшы болгондон көп өтпөй эле бир канча жолу ооруканага жеткирилип, дарылануусун улантып жүргөн.

СССРдин Эл артисти Армен Жигарханян 1960-жылы тасмадагы тушоосу кесилип, «Здравствуй, это я!» фильминен кийин эң белгилүү актёрго айланган. Анын кебетесин жана үнүн дээрлик ар бири жазбай таанычу. Тартылган тасмаларынын саны 200дөн ашат. Анын ичинен  «Новые приключения неуловимых», «Собака на сене», «Здравствуйте, я ваша тетя», «Место встречи изменить нельзя» фильмдерин белгилей кетүүгө арзыйт. Бир топ советтик мультфильмдерде үн коштогону менен да таанымал.