Белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-мартта өттү.
Аны жакындары, сахналаштары жана курбу-курдаштары эскеришти. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Асанбай кичи районундагы Токомбаев көчөсү 9/4 дарегинде өттү.
Белгилүү актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салган. Маалыматка ылайык, актриса акыркы күндөрү ооруп жүргөн.
SEREP MEDIA маалымат агенттигинин эмгек жамааты актрисанын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.