Белгилүү журналист Жаркын Темирбаева көз жумду

Белгилүү журналист жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Темирбаева Жаркын Суран кызы 66 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Жаркын Темирбаева 1955-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Тоо-Дыйкан айылында туулган.

Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде журналистика адистиги боюнча билим алган. Журналисттик эмгек жолун Өзгөн райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.

Кийинчерээк Жаркын Темирбаева «Зындан» аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу тарыхый эскерүүлөрдү жазган. «Жаныбек казы», «Ай ыйлаган түн» чыгармалары окурмандардын арзуусуна ээ болгон.

Чебер калемгердин эмгеги жогору бааланып, ага 2010-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.