Белгилүү режиссёр Марат Сарулу каза болду

Белгилүү режиссёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Марат Сарулу каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Маданият министрлигинен тактыкташты.

Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган. 1984-жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган. Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.