Белгилүү ырчы Эмин Агаларов Кыргызстанга келип, концерт берген. Ал президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгонун айтып, видео жарыялады.
«Бүгүн биз Кыргызстанда кызыктуу күн өткөрүп, дүйнөнүн эң кооз жерлеринин бири – Ысык-Көлдү көрдүк. Өлкөнүн кандай өнүгүп жатканын, жаңы долбоорлорго жана инвестицияларга даяр экенин көрүү абдан жагымдуу. Кабыл алуу жана меймандостугу үчүн Жапаров Садыр Нургожоевичке ыраазычылык билдирем», — деп жазган ал.