Белгисиз адамдар Бишкек мэриясынын чиновниктеринин атын жамынып, акча которууну сурашууда

Белгисиз адамдар Бишкек мэриясынын чиновниктеринин атын жамынып, техникалык каражаттарга жана жардам көрсөтүүгө акча которууну сурашууда. Бул жалган маалымат экенин жана алар мэрияда иштебей турганын шаардык башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын тургундары жалган схемага кабылганын айтып кайрылышкан.
“Социалдык тармактарда белгисиз адамдар мэриянын кызматкерлеринин атын жамынышып, түрдүү сунуштар менен шаар тургундарына сүрөттөрдү жөнөтүү аркылуу акча которуну суранышууда. Шаардык муниципалитеттин кызматкерлери мындай иштер менен алектенишпейт жана мыйзам чегинде гана иш алып барышат. Кокустан ушундай жагдайга кабылган болсоңуз, анда милиция кызматкерлерине арызданыңыз” деп жазылат маалыматта.