Ош шаарында бельгиялык Альберто Вотир ислам динин кабыл алды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Бельгиялык Альберто Вотир кыргызстандык Маркиза Шумкар кызын жактырып, ага үйлөнүү максатында Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек Токтомушовго барышкан. Мирланбек Токтомушов мусулман кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алып, мусулман болуу керектигин жана ислам негиздерин түшүндүрүп берген. “Ислам дининде мажбурлоо жок. Биз айтып эскертебиз, кабыл алуу ар бир адамдын өз каалоосу менен болот”, – деди Токтомушов.
Альберто Вотир буга чейин Курандын котормолорун окуп жүргөнүн, өзү да мусулманчылыкты кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирип, келме айтып мусулман болгон.