Аял киши баласы Беловодское айылындагы көмөкчү мектеп-интернатында сабалганын билдиргенин 26-майда «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фонду жазып чыккан.
«Ал баласын интернаттан алганы барганда уулу сабалган, корккон абалда болгон. Аял мекеменин директоруна кайрыла баштаган, бирок маселе чечилбей, орой мамиле жасалган. Балдар үйүнүн кызматкеринин айтымында, бала жыгылып кеткен, бирок алар бул тууралуу энесине кабарлашкан эмес», — деп билдиришкен укук коргоочулар.
Чүй ОИИБден аталган интернаттын тарбиячылары милицияга сурак бергенин билдиришти. «Алар 2011-жылы туулган баланын интернаттын короосундагы турниктен кулаганын айтышты. Милиция кызматкерлери жерине барып, кароо жүргүздү. Териштирүү иштери жүрүп жатат», — дешти милициядан.