«Бензин жок калган». Бишкекте автобустун жолун тороп алган айдоочуга айып салынды

Буга чейин социалдык тармактарда айдоочу автобустун жолун тороп алган видео тараган. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан айдоочуга 3 миң сом айып салынганын билдиришти.

Айдоочу бензини ошол жерде түгөнүп калганын, түрткөнгө жанында эч ким болбогонун айтты.