Бензиндин баасы дагы 7-8 сомго чейин кымбатташы мүмкүн

Жаңы жылга утурлай дизель майы 12 сомго, бензин 7-8 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канатбек Эшатов билдирди.

Анын айтымында, азыр нефтетрейдерлер дизелдик отунга болгон таңкыстыкты байкап жатышат.