«Берекет Гранд» соода борборунун соодагерлери да митингге чыгышты (видео)

Бүгүн, 5-декабрда «Берекет Гранд» соода борборунун соодагерлери да митингге чыгышты. Алар да ККМге каршы болушууда.

Бул аралыкта «Дордой Моторс» базарынын соодагерлери Максим Горький атындагы сейил бакта митинг өткөрүп жатышат. Чогулгандар соода патентин калтырууну, кассалык машиналарды колдонбоону талап кылышууда. Алар бийликтен митингчилерди жоопко тартпоого чакырышууда. Анткени алар өз укугун коргоп жатышат.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун «Дордой» базарына барып, соодагерлер менен жолугушуусу күтүлүп жатат.