Беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети президенттин жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле, укуктук коллизияны жок кылуу жана Кыргыз Республикасынын ченемдери менен шайкештикке алып келүү болуп саналат. Тагыраагы, беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилип, аталган статуска ылайык аларга кээ бир укуктар берилет.

Талкуу маалында депутат Элвира Сурабалдиева университеттен ижарага алынган жайлардын талаптагыдай абалын камсыз кылуу үчүн ижарачынын жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу бюджеттик мекемелерден мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар республикалык бюджетке чегерилерин айтып, бирок каралып жаткан мыйзам долбоорунда ижарадан түшкөн акчаны окуу жайларга калтыруу сунушталып жатканын маалымдады. Буга депутаттар Дастан Бекешев жана Русланбек Жакышов бул каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөөнүн кандайдыр бир механизми болушу керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында депутаттардын тарабынан көптөгөн сын-пикирлер түшкөндүгүнө байланыштуу каралып жаткан мыйзам долбоорун экинчи окуу режиминде тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.