Беш облуста милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп баштады

Эртең, 9-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

«Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» ИИМдин буйругу чыгарылды. Алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда шайлоо тилкелеринде милиция кызматкерлери бекитилди. Ошондой эле, шайлоо күндөрү коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында тиешелүү сандагы милиция кызматкерлери тартылат.

Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелеринде 53 комиссия түзүлдү. 9-апрелге белгиленген 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 20-мартта башталып, 8-апрелде саат 08:00дө аяктады. 8-апрелден баштап аталган жергиликтүү шайлоо кеңештери жайгашкан жерлерде райондук милиция бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Ички иштер министрлиги, мыйзам бузууларга жана шайлоо мыйзамдарын бузууга байланышкан фактылар аныктала турган болсо мыйзамдагы талаптарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.