Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада өтөт (видео)

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2024-жылы Астанада 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтөт.

Мелдешке 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңдей катышуучу катышат. Спорттук мелдештерге жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык турист келери күтүлүүдө.

Астанада «Көчмөндөр ааламы» этно-ауылы ачылып, анда ар бир келген конок казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн оригиналдуу маданияты менен тааныша алат. Этно-аулга күн сайын 30 миңге чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору келе алышат.