«Бешинчи каналдын» жетекчиси алмашты

Рахат Сулайманов «Бешинчи канал» телерадиокомпаниясынын башкы директорлук кызматынан кетти. Бул тууралуу 17-февралда журналисттерге өзү билдирди.

Анын айтымында, ал арызды өз каалоосу менен жазган. Сулайманов бул кызматка 2021-жылдын 12-январында дайындалган.

Маалыматтарга караганда, телеканалдын жамаатына жаңы башкы директор катары Алтынбек Бектуров тааныштырылган.