Бетине операция жасаткан соң ириңдеп, ооруп жатканын айткан келиндин иши боюнча комиссиялык экспертиза дайындалды

Мындан туура 1 ай мурда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 33 жаштагы Асел Корчуева аттуу жаран кайрылып, Бишкектеги косметологиялык клиниканын кызматынан жапа чеккенин айткан. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдиришкен. Бирок келин редакцияга кайра кайрылып, ишин милиция карабай жатканын айтып, нааразычылыгын билдирген.

Ленин РИИБден бүгүн, 28-сентябрда маалымат беришип, комиссиялык экспертиза дайындалганын билдиришти. Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.