Беткапчан киши үй белек кылган унаа жууп иштеген аял эсиңиздеби? Аялдын Бишкекте жашары маалым болду

Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү болгон адам 17 жылдан бери унаа жууп, 4 баласы менен жер төлөдө жашаган аялга үй белек кылган. 

Аял 17 жылдан бери унаа жууп иштерин, 4 баласы менен унаа жуучу жайдагы жер төлөдө күн кечирип келерин айткан. «Көзүм ооруйт. Жер төлөнү ижарага алып жашайбыз. Кээде унаасын жуудурганы келгендер даараткана экен деп, үйгө кирип келишет. Эң негизгиси балдарыма билим берсем дейм», — деген ал. Ага беткапчан киши үй белек кылып, ыйлаткан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине алардын Кыргызстанда жашары маалым болду. «Мага орусча сүйлөп бере аласызбы деди. Орусча сүйлөй албарымды айтсам, анда казак тилин билесизби дешти. Мен макул болуп, казакча сүйлөп бердим. Себеби аларга акча которгондорго отчет берүү үчүн керек экен. Менин жашоомду Ютубдан көрүшүптүр. Алгачкы жолу 4-февралда келип, менден кабар алып, жашоомду көрүп кетишкен. Андан кийин 15-17-февралда келди окшойт. Азыр үйдү мага каттап берип, документин колума алдык. Үйдө жашап жатабыз. Бишкектин Октябрь районундагы көп кабаттуу үйдөн 3 бөлмөлүү батир алып беришти», — деди ал.