Беткапчан киши үй-бүлөсүн эл ташып баккан майыптыгы бар адамга үй жана унаа белек кылды

Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу үй-бүлөсүн эл ташып баккан майыптыгы бар адамга үй жана унаа белек кылды. Андан тышкары ал тандап алган каарманына жана анын көзү азиз жубайына дарыланууга, умрага зыярат кылып келүүгө акча каражатын берди.

Майыптыгы бар адамдын видеодо белектерге ишене албай, көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.