Кечээ, 22-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын чырагы жандырылды.
Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаар тургундары жана жаштар катышты. Иш-чара шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, анда Жаңы жылдык ырлар жаңырып, баргандарга жагымдуу маанай тартууланды. Ош шаарындагы балатынын бийиктиги 28 метрди түздү.