Бийлик “электр энергиясын үнөмдөгүлө” деп коңгуроо какты

“Көмүр жагып, электр энергиясын үнөмдөгүлө”. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында “Улуттук энергетикалык холдинг” ишканасынын башчысынын орун басары Асхат Бердиев айтты.

Анын билдирүүсү боюнча, акыркы сутка ичинде электр энергиясын колдонуу боюнча рекорд коюлду. Катуу суукка байланыштуу соңку 24 саат ичинде керектөөчүлөр саатына 69 миллионго жакын киловатт сарпташкан.

“Бул жагдай бизди ойлондуруп жатат. Эч кандай алдын ала күтүлбөгөн иш болуп кетпесин деп, элге кайрылабыз. Көмүр жаккыла, жылытуу үчүн газды колдонгула. Өкмөт электр энергиясын колдонууга койгон лимит бардык аймактарда сакталбай жатат. Мындай учурда авариялык өчүрүүлөр болушу ыктымал”, — деди ал.

Быйыл Токтогул суу сактагычына суу аз топтолгонуна байланыштуу электр энергиясынын тартыштыгы жаралары айтылып келет.