Бийликтен куулган президенттин өлкөгө кайтып келиши боюнча элдин тамырын тартып көрмөй башталды

Учурда Аскар Акаевдин өлкөгө кайтуусун каалайсызбы? Мындай соболду камтыган сурамжылоо социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучулардын кызуу талкуусуна айланууда.

Туңгуч президент Аскар Акаев 2005-жылы төңкөрүштөн улам бийликтен жана өлкөдөн куулуп, ошондон бери Орусияда жашайт. Ал буга чейин бир канча жолу мекенине кайтууну кааларын, өлкөнү өнүктүрүү ниети бар экенин айткан. Кетирген каталарын мойнуна алып, мындан ары акылын мамлекеттин пайдасына гана жумшайм деген таризде оюн билдирип келет.