Бийликти басып алууга шектелгендерден табылган документ. Депутат эмне дейт?

Бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда бир катар курал-жарактар жана Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет табылды. Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Өз учурунда депутат 2010-жылы башаламандык учурунда аскердик билетин, паспорт, диплом жана башка документтерин жоготуп алганын билдирди. Документтер кийин калыбына келтирилген. Бирок 2020-жылдагы окуялардын жүрүшүндө белгисиз адамдар Жогорку Кеңештин имаратындагы сейфтен бардык документтерин алып чыгып кетишкенин маалымдады.