Билет — 100 доллар. Июнь айынан тарта Бишкек — Абу-Даби аба каттамы уча баштайт

Июнь айынан тарта Бишкек — Абу-Даби аба каттамы уча баштайт. Бул тууралуу ишкер Жодар Сайдилканов соцтармактагы баракчасында жазды.

«Кыргыз туризми үчүн дагы бир абдан маанилүү күн болду. Дүйнөнүн экинчи чоң LowCoster, үнөмдүү каттамдар аба жол компаниясы «Wizz Air» «Манас» аэропорту менен июнь айынын биринен баштап Бишкек — Абу-Даби багытында аптасына үч ирет аба каттамдарды баштоо келишимине кол койду. «Wizz Air» бул каттамдарды 239 оорундуу жаңы Airbus A321Neo учактары менен ишке ашырат. Алдын ала бронь аркылуу билет 100 доллар, Абу-Дабиден Европага ошол эле авиакомпания менен 150 долларга учса болот. Бул деген Кыргызстанга дагы көп турист арзан учуп келип, көбүрөөк акчаны биздин экономикага калтырат. Ошондой эле биздин жарандар да дүйнөгө Абу-Даби аркылуу эки эсе арзан уча алат. Украинадагы согуш аяктай турган болсо, «WizzAir» Будапешттен Бишкеке да түз учуп баштайт», — деп жазды ишкер.