«Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы Ош-Каракол-Ош багыты боюнча биринчи каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун жетекчиси Манас Самидинов жазды.
«Эми Ош менен Каракол шаарларынын ортосундагы каттам болгону 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Каттамдар жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Билеттин баасы 4100 сомдон башталат жана аны «Asman Airlines» мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот», — деп жазды ал.