«Билгенин кылып алышсын!». Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлерин Баткен РИИБге киргизбей коюшкан

Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу изоляторлоруна Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлерин киргизбей коюшту. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти. Маалыматка караганда, буга чейин одоно мыйзам бузуулар табылган тергөө изоляторунун башчысы эксперттердин экинчи ирет текшерүү жүргүзүүсүнө тыюу салган.

«26-августта Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери Айгүл Табалдыева менен Алишер Эрматов Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу изолятордагы кармоо шарттарына кайрадан текшерүү жүргүзө алышкан жок. Убактылуу кармоочу изолятордун башчысы, майор Эркин Бөрүбаевдин тапшырмасы менен өкүлдөр жабык мекемеге киргизилген жок», — деп айтылат маалыматта.

Баткен РИИБдин капитаны Асан Аттокуров убактылуу кармоочу жайдын башчысы, майор Эркин Бөрүбаев менен байланышып, алардын келген максаты тууралуу маалымат бергенден кийин да, жетекчи текшерүүгө тыюу салган. Ал изолятордо отурган 4 киши коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгын жүйө кылды. «Аларды өткөрүп жибербегиле. Билгенин кылып алышсын!» деп, изолятордун начальниги айткандыгын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алишер Эрматов билдирди.

Кармоочу жайдын өкүлдөрү эксперттерге изолятордо кармалгандардын төртөөндө аталган илдет бар экенин тастыктоочу документтерди көрсөтө албаган сыяктуу эле, ал оорулуулар эмне үчүн дени сак адамдар менен бирге кармалып жаткандыгын түшүндүрүп бере алышкан эмес. Ошондой эле жарандардын өздүк иштери менен таанышууга да уруксат берилген жок. Капитан Аттокуровдун айтымында, изолятордун башчысынын бош убактысы болгон кезде гана текшерүүгө уруксат берилет.
КАУБдун баамында, майор Бөрүбаев борбордун кызматкерлерине өз иштерин аткарууга атайылап эле тоскоолдук кылды жана муну менен «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» мыйзамдын 29-беренесин одоно бузду. КАУБ аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Баткен шаарынын көзөмөл органына бул мыйзам бузуулардын баарына прокурордук иликтөө жүргүзүү, аларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жана мыйзамдын чегинде бул жагдайга күнөөлүү кызмат адамдарын жазалоо өтүнүчү менен жаңы актыны жөнөтүшөт.