Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары коронавирустан көз жумду

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Касмалиев Усеин Турсунбекович 39 жашында коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Усеин Турсунбекович 1981-жылы 18-ноябрда Нарын шаарында төрөлгөн.

Ал үч жогорку окуу жайда билим алып, артыкчылык менен аяктаган. Мамлекеттик кызматтын кеңешчиси, 1-класстагы муниципалдык кызматтын инспектору. Өзүнүн иш жолунда: жер тилкелерин сатуу боюнча жетектөөчү адис, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы жана консультанты, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары кызматтарын аркалаган. Усеин Турсунбекович борбор калаанын мэриясынын буйругу менен Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенген.   Артында үй-бүлөсү жана төрт баласы калды.