«Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Жогорку Кеңештин 8-июнда өткөн жыйынында «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралды.

Биринчи мыйзам долбоорун бир катар депутаттар сунуштаган. Ал эми экинчи мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, биринчи окууда жактырылды. Мындан тышкары, мыйзам долбоорлорду бириктирүү тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Жыйында демилгечилердин бири депутат Жанарбек Акаев баяндама жасап, концептуалдык жактан окшош мыйзам долбоорлорун депутаттар да, Министрлер кабинети да бир учурда демилгелегендиктен, экинчи окууга чейин мыйзам долбоорлору бириктирилерин маалымдады. Ал мыйзам долбоорунун негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

“Учурда Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдарын 76 пайызы балдар бакчасына барбайт экен. Ушундай кейиштүү абал айрыкча айылдарда курч. Жаңы мыйзам долбоору балдар бакчасын ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгарып, жеке ишкерлер менен жарандарды ашыкча документ чогултуу түйшүгүнөн арылтат. Мындан сырткары, мектеп мугалимдерин аккредитациядан өткөрүү тартиби жоюлуп, анын ордуна сапатты өнүктүрүү боюнча департамент түзүү каралган”, – деди Жанарбек Акаев.

Ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү демилгеленген.